Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда акимдин 4 орун басары дайындалды.
Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, президенттин 2024-жылдын 15-ноябрындагы Nº326 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө» жарлыгына, министрлер кабинетинин жогорудагы аталган жарлыкты ишке ашыруу тууралуу токтомунун 10-пунктуна ылайык, акимдин орун басарлары дайындалды. Дайындоо тескемесине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Жаңы орун басарларды Өзгөн районунун активине бүгүн, 3-март күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев тааныштырды.
- Дүйшеев Азамат Раимжанович Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин биринчи орун басары, Финансы министрлигинин Өзгөн районундагы аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
-Ибраимов Максатбек Тургунбекович Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары, Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
-Абдраев Иманказы Төлөмүшович Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары, Өзгөн районунун агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
-Качыбеков Ысакбек Зулпукарович Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды