"Өзгөчө" балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борбор курулат – эскиздери

Ден соолук 05 Февраль 2026 17:07
626194585_919386877155348_7615068641553222317_n.jpg
626775738_919386903822012_8025226074591295408_n.jpg
627152992_919386900488679_8351512648606173483_n.jpg
627679727_919386873822015_4400288850268523218_n.jpg
627954803_919386833822019_8476196707944584901_n.jpg
Алдыга
Артка
626194585_919386877155348_7615068641553222317_n.jpg
626775738_919386903822012_8025226074591295408_n.jpg
627152992_919386900488679_8351512648606173483_n.jpg
627679727_919386873822015_4400288850268523218_n.jpg
627954803_919386833822019_8476196707944584901_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана адистештирилген медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өлкөдө заманбап реабилитациялык шаарча куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, реабилитациялык шаарча «Максат» реабилитациялык борборунун базасында курулуп, ал реабилитология багытында билим берүүчү жана илимий-усулдук борбор катары да иш алып барат.

Долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүнүн алкагында Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов "Максат" борборуна барып, мекеменин материалдык-техникалык базасы, балдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдын шарттары жана инфраструктураны өнүктүрүүгө каралган аймак менен таанышты.

Долбоор балдардын церебралдык шал оорусу, аутизм спектринин бузулуусу, Даун синдрому, өнүгүүнүн кечигүүсү жана башка оорулар менен жабыркаган балдарга комплекстүү реабилитациялык жардам көрсөтүүчү шаарчаны түзүүгө багытталган.

Реабилитациялык шаарчанын курамына стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация үчүн адистештирилген борборлор жана бөлүмдөр, оорулуу балдар үчүн заманбап шарттагы корпус, ата-энелер жана медициналык кызматкерлер үчүн жатакана, ошондой эле билим берүүчү жана усулдук блок кирет.

Ошондой эле шаарчада реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия жана кинезотерапия бөлүмдөрү, массаж жана физиотерапия кабинеттери, сенсордук интеграция, эрготерапия, логопедия жана психология кабинеттери, функционалдык жана ультраүндүк диагностика бөлмөлөрү, эмгек терапиясынын зоналары, ачык реабилитациялык жана оюн аянтчалары каралат. Мындан тышкары, иппотерапия элементтерин киргизүү пландалууда.

Шаарчадагы ишмердүүлүк далилдүү медицина принциптерине, көп тармактуу ыкмага жана үй-бүлөнүн активдүү катышуусу менен түзүлгөн индивидуалдык реабилитациялык программаларга негизделет.

Мындан тышкары, реабилитология тармагындагы адистерди даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, үй-бүлөгө багытталган жардам моделин өнүктүрүүгө жана туруктуу кадрдык потенциалды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор балдардын саламаттыгын сактоо жана медициналык реабилитацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келет жана келечекте өлкөнүн аймактарында жайылтуу үчүн үлгү катары каралууда.