Зергерлерге жеңилдик: Баалуу металлдар 2% арзандатуу менен сатылат

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Март 2026 12:20
WhatsApp_Image_2026_ADhSccx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинети Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ «Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө» мыйзамга жана президенттин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо чаралары жөнүндө» жарлыгына ылайык, баалуу металлдар жана баалуу таштар менен операцияларды жөнгө салган мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Токтом менен зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 пайыз өлчөмүндөгү арзандатуу менен жүргүзүлөрү белгиленди.

Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операция жүргүзгөн сатып алуу пункттары жана күрөөканалар зергер буюмдарын жана башка буюмдарды, ошондой эле баалуу металлдар менен асыл таштардын сыныктарын алардан жасалган даяр буюмдарды кошпогондо, баалуу металлдар жана баалуу таштардын жүгүртүлүшү жана эсебин жүргүзүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатууга укуктуу.