Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Украинын президенти Владимир Зеленский социалдык баракчасы аркылуу туруктуу тынчтык үчүн АКШнын президенти Дональд Трамптын күчтүү жетекчилиги астында иштөөгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
"Биринчи кезекте абактагыларды бошотуу жана асмандагы бейкуттукту орнотуу. Ракеталарга, алыскы учкучсуз учактарга, энергетикалык жана башка жарандык инфраструктураларды бомбалоого тыюу салуу. Эгерде Россия да буга макул болсо деңизде токтоосуз элдешүү", - деп жазган Украинанын президенти X социалдык тармагында.
Муну менен катар ал “каалаган убакта жана каалаган ыңгайлуу форматта” “минералдык ресурстар жана коопсуздук боюнча келишимге” кол коюуга даяр экенин билдирди.
“Биз бул келишимди коопсуздукту жана ишенимдүү кепилдикке карай кадам катары карайбыз жана анын натыйжалуу иштешине чын жүрөктөн ишенем. Дональд Трамп менен жолугушуу күтүлгөндөй болбой калганына өкүнөм. Баардыгын оңдоого убакыт келди. Биз келечектеги кызматташтык жана байланыш конструктивдүү болушун каалайбыз. Америка Кошмо Штаттарына “Javelin” ракеталык системаларды бергени үчүн ыраазычылык билдирдем”, - деп кошумчалаган ал.
Эске салсак, Трамп буга чейин Украина бул куралдарды Америкадан биринчи мөөнөтүндө алганын жана алар, анын сөзү менен айтканда, "согуштун башталышында танктарды артка кайтарууга жардам бергенин баса белгилеген.