Дональд Трамп менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

Дүйнө Загрузка... 20 Март 2025 15:59
WhatsApp Image 2025-03-20 at 11.56.27 (1).jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү.

Еuronews маалымдагандай, Трамп социалдык тармактагы баракчасына Зеленский менен баарлашуусу бир саатка созулганын жазган.

Андан көп өтпөй Зеленский да энергетикалык объекттерге 30 күн бою сокку урбоо боюнча сунушка макул болгонун соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

Ошондой эле Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулоо үчүн Украина менен АКШнын делегациясы Сауд Аравияга барарын белгилеген.

Белгилей кетсек, Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү АКШ президентинин Путин менен маектешкенден кийин бир күндөн соң уюштурулду.

Эске салсак, Россиянын президенти да 30 күн аралыгында энергетикалык объекттерге сокку уруудан карманып турууга макул болгон.