Зеленский Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүлөрүнө катышпайт

Дүйнө Загрузка... 16 Май 2025 10:08
WhatsApp Image 2025-05-16 at 07.04.59.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарап менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн украин делегациясын Стамбулга жөнөтүп, өзү катышуудан баш тартты. Бул тууралу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, украин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров жетектейт, анын курамына аскерий жана чалгындоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Эске салсак, күн мурун Стамбулда Россия менен Украина өлкөлөрүнүн жабык форматтагы сүйлөшүүлөрү өтмөк. Бирок, белгисиз себептерден улам сүйлөшүү бүгүнкүгө жылдырылган.

Алгач сүйлөшүүлөр эртең менен башталат деп айтылып, бирок түрк тараптын демилгеси менен күндүн экинчи жарымына жылдырылды. Жолугушуу 2022-жылдагыдай эле Стамбулдун борборундагы Долмабахче сарайында Түркиянын президентинин администрациясынын жумушчу кеңсесинде өтөт деп күтүлүүдө.