Ташкент, 01.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 2024-жылы 10,8 млрд долларга өсүп, 64,1 млрд долларга жетти, деп билдирди өлкөнүн Борбордук банкы.
Ошол эле учурда чет элдик инвестицияларды тартууда оң динамика байкалууда. Түз чет элдик инвестициялардын таза агымы 32% өсүп, 2,8 млрд долларга жетти. Финансылык активдерге салынган инвестициялардын таза агымы 3,1 эсеге көбөйүп, 3,1 млрд долларды түздү.
Борбордук банктын маалыматына ылайык, агымдагы эсептин дефицити 5,7 млрд долларга чейин төмөндөдү. Бул соода балансынын тартыштыгынын азайышы жана агымдагы которуулардын көбөйүшү менен байланыштуу. Экспорт 4,5% өсүп, 26,2 млрд долларды түздү.
Ал эми өлкөнүн эл аралык резервдери 6,6 млрд долларга өсүп, 41,2 миллиард долларга жетти. Бул көбүнчө алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашына байланыштуу.
Мындан тышкары, Борбордук банк эмгек миграциясынын оң тенденцияларын белгиледи. Алардын катарына кабыл алуучу өлкөлөрдө эмгек акылардын өсүшү жана миграциялык агымдардын географиясынын диверсификацияланышы кирет.