Өзбекстандын алтын-валюта резерви $66,3 миллиарддан ашты

Борбор Азия Загрузка... 12 Январь 2026 11:00
12_Uz....jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.01.26. /Кабар/. Өзбекстандын алтын-валюта резервдери 2026-жылдын 1-январына карата $66,31 миллиардга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында резервдер $5,07 миллиардды түздү же 8,3 пайызга көбөйгөн. Ал эми жыл жыйынтыгында жалпы өсүш 61 пайызды түзгөн.

Резервдердин түзүмүндө алтын негизги орунду ээлеп келет. Алтын запастарынын наркы 6-ай катары менен рекорд жаңылап, $55,09 миллиардга жетти. Бул көрсөткүч бир ай ичинде $4,2 миллиардга же 8,32 пайызга өскөнүн билдирет.

Алтындын физикалык көлөмү 12,6 млн унцияга жетип, 391,9 тоннага барабар болду. Декабрь айында резервдер болжол менен 0,4 млн унцияга (12,4 тоннага) көбөйтүлгөн.

Валюта бөлүгү да өсүп, $829,1 миллионго же 8,45 пайызга көбөйүп, $10,64 миллиардды түздү. Анын ичинен $1,48 млрд чет өлкөлүк борбордук банктарда жана Эл аралык валюта фондунда жайгаштырылган. Дагы $7,6 млрд башка чет өлкөлүк каржы мекемелеринин эсептеринде сакталууда.

Чет элдик баалуу кагаздарга салынган каражат $1,53 миллиардды түздү. Бирок алардын резервдердеги үлүшү 2,31 пайызга чейин кыскарды.