Өзбекстандын алтын-валюта кору дээрлик 45 млрд долларга жетти

Борбор Азия Загрузка... 10 Март 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-03-10 at 09.37.33.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.03.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата Өзбекстандын алтын-валюта кору 44,9 млрд долларды түзүп, мурунку айга салыштырмалуу 2 млрд доллардан ашык көбөйгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы билдирди.

Маалыматка ылайык, запастагы алтындын наркы 201,9 миллион долларга төмөндөп, 34,8 миллиард долларга жеткен. Ошол эле учурда алтындын запастарынын физикалык көлөмү азайып, азыр 12,2 млн троя унциясын түзүүдө.

Өлкөнүн валюталык резервдери, тескерисинче, 2,23 млрд долларга – 7,3 млрд доллардан 9,53 млрд долларга чейин өстү. Анын 414,3 миллион доллары башка өлкөлөрдүн борбордук банктарындагы жана Эл аралык валюта корундагы эсептерде, 8,9 миллиард доллары чет элдик коммерциялык банктарда турат.

Дүйнөлүк Алтын кеңешинин (WGC) маалыматы боюнча, Өзбекстан 2025-жылдын январында эң көп алтындын кардары болуп, запасын 8 тоннага көбөйттү.