Өзбекстандагы жарылуудан улам төрт адам каза болду

Кырсык 17 июль 2025 11:32
Өзбекстандагы жарылуудан улам төрт адам каза болду

Ташкент, 17.07.25. /Кабар/. Кашкадарыя облусунда жайгашкан газ куюучу станцияда жарылуу болуп, андан кийин өрт чыккан.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя 16-июль күнү саат 14:40та болгон. Натыйжада төрт адам каза тапкан. Жабыркагандар боюнча маалымат азырынча берилген жок.

Окуя болгон жерге ӨКМ, ИИМ, прокуратура жана башка тиешелүү органдын кызматкерлери барып, алдын ала тергөө иштери башталды.