Өзбекстанда жумасына беш күндүк окуу системасына өтүү сунушталууда

Борбор Азия Загрузка... 03 Апрель 2025 09:19
photo_03.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.04.25. /Кабар/. Өзбекстанда "Менинг Фикрим" /"Менин пикирим"/ платформасында учурда жалпы билим берүүчү мектептерди беш күндүк окууга жана иш жумасына өткөрүү боюнча петиция талкууланууда.

Бул демилгени колдогондордун айтымында, окуу жумасын беш күнгө кыскартуу окуучулардын билим деңгээлин жана мугалимдердин иш сапатын жакшыртат.

Учурда петицияга 4 миңдей колдоо добушу чогулду.

Эскерте кетсек, эгерде петиция 10 миңден кем эмес колдоону топтосо, Олий Мажлис тарабынан каралышы мүмкүн.

Добуш берүү петиция жарыяланган күндөн тартып 90 күнгө созулат. Эгер керектүү санга жетсе, ал мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

Арыз тиешелүү мекемелер тарабынан каралгандан кийин, кабыл алынган чечим «Менинг Фикрим» сайтында жарыяланат. Чечим кабыл алуу мөөнөтү 60 күндөн ашпашы керек.