Өзбекстанда жакыр үй-бүлөлөр үч категорияга бөлүнөт

Борбор Азия Загрузка... 14 Май 2025 16:36
14_s (1).jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.05. 25. /Кабар/. Өзбекстанда 15-майдан тарта жакыр үй-бүлөлөрдү үч категорияга бөлүү системасы киргизилет. Президент Шавкат Мирзиёев 8-майда тиешелүү жарлыкка кол койду, деп билдирет Lex.uz.

Жаңы тартипке ылайык, реестрге кирген же ага түшүү коркунучу бар үй-бүлөлөр «кызыл», "сары" жана "жашыл" категорияларга бөлүнөт:

  • "Кызыл" – кирешеси аз, эмгекке жарамсыз же майып мүчөсү бар, багуучусунан ажыраган үй-бүлөлөр.
  • "Сары" – кирешеси жетишсиз, бирок эмгекке жарамдуу адамдар жашаган үй-бүлөлөр.
  • "Жашыл" – кирешеси салыштырмалуу жогору, бирок мурун жардам алган же кайра реестрге кирүү коркунучу барлар.

Жардам категорияга жараша берилет. Максат — жакырчылыкты үч жылда 7% га чейин түшүрүү.