Өзбекстанда турак жай сатып алууда эскроу системасы киргизилет

Борбор Азия Загрузка... 24 Июнь 2025 09:40
photo_24.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 24.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-июлунан тарта Өзбекстанда турак жай сатып алууда эскроу системасы киргизилет. Бул тууралуу өлкө президенти кол койгон жарлык Lex.uz порталында жарыяланган.

Документтин негизги максаты - жарандардын укугун коргоо жана курулуштагы мыйзамдуулукту бекемдөө болуп саналат.

Жаңы тартип боюнча келишимдер мамлекет каттаган гана объекттерге байланыштуу түзүлөт. Кардардын акчасы эскроу эсебине түшөт. 30% жумуш бүткөндөн кийин гана банк курулуш компаниясына акча берет, же насыя бөлөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин эски жана жаңы системалар катар колдонулат. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тарта сатып алуу-эсептешүүлөр эскроу аркылуу гана жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, курулуштагы ачыктык үчүн "Тунук курулуш" деген жаңы маалымат системасы ишке кирет. Үлүштүк келишимдер боюнча маалыматтар салык органдарына автоматтык түрдө жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, эскроу (англ. escrow) — бул сатып алуучунун акчасы банктын атайын эсебинде убактылуу сакталып турган система. Мунун максаты — сатып алуучуну шылуундардан коргоо жана курулуштун жүрүшүнө көзөмөл салуу.