Ташкент, 01.04.25. /Кабар/. 2025-жылы Өзбекстанда “Еркин истедод” (Жаркын таланттар) долбоору – "Эл-Юрт Умиди" фондунун жаңы стипендиялык программасы ишке кирет, деп айтылат Республиканын мыйзамдарынын Улуттук маалымат базасынын (Lex.uz) сайтында.
Президент Шавкат Мирзиёевдин 28-мартта жарыяланган жарлыгына ылайык, аны ишке ашырууга 300 млрд сум (23,2 млн доллар) бөлүнөт.
Долбоордун алкагында жыл сайын ар бир махалладан таланттуу жаштар тандалып алынып, кем карж болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чет өлкөдөн билим алышат. Чет элдик 100 мыкты университетке барардан мурун Өзбекстанда даярдоо курстарынан өтүшөт. Бардык чыгымдарды “Эл-Юрт Умиди” фонду каржылайт.
Дипломун чет өлкөдөн алган стипендианттар Улуттук кадрдык резервге киргизилип, мамлекеттик органдарга сынаксыз жумушка кабыл алынат.
1-июндан тарта дүйнөнүн алдыңкы 100 университетин аяктаган 35 жашка чейинки адистерге турак жай сатып алуу үчүн 10 жылга 806 млн сумга (62 миң доллар) чейин пайызсыз насыя берилет.
Эл аралык предметтик олимпиадалардын акчалай сыйлыктары 5 эсеге көбөйөт. 2025/26-окуу жылынан баштап аскердик жогорку окуу жайлардын мыкты курсанттары үчүн да Жогорку Башкы командачылыктын мамлекеттик стипендиясы киргизилет.
Ошондой эле инженердик адистиктер боюнча мектептик олимпиадалар башталат: жеңүүчүлөр мамлекеттик грантка сынаксыз адистештирилген жогорку окуу жайларына кабыл алынат.
Жаштар иштери боюнча агенттик билим берүү жана тарбиялоочу медиа контентти түзүү үчүн 100 млн сумга чейин (7,7 миң доллар) грант алат.
Мындан тышкары, бюджеттен каржыланган экологиялык долбоорлор жана кайрымдуулук каражаттары үчүн Жашыл демилгелер фонду түзүлөт (10 млрд сум, 773 миң доллар).