Өзбекстанда өспүрүмдөргө иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн

Борбор Азия Загрузка... 20 Май 2025 11:32
photo_21.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын Эмгек жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги 18 жашка чыга элек окуучулардын эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салган токтом долбоорун сунуштады.

Документте жеңил жумуштардын тизмеси жана өспүрүмдөрдү жумушка алуу шарттары көрсөтүлгөн. Аларга официант, бариста, сатуучу, чач тарач, идиш жуугуч, жүк жүктөөчү жана башка кесиптер кирет.

Окуучулар окуудан бош убакта гана иштей алышат. 15-16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн ата-энесинин жазма макулдугу талап кылынат. Ишке кирерде коопсуз иш ыкмаларын үйрөнүп, тиешелүү окуудан өтүшү шарт.

Мындан тышкары, долбоордо жумуш убактысынын чеги, эмгек акы жана өргүү тартиби да аныкталган. Документ коомдук талкууда болуп, 23-майга чейин сунуштар кабыл алынат.