Өзбекстанда репатрианттарга паспорт берүүнүн тартиби өзгөрөт

Борбор Азия Загрузка... 14 Май 2025 15:32
14_Pas.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.05.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Өзбекстанга репатриация жолу менен кайтарылган жарандарга эки жыл ичинде биометрикалык чет өлкөлүк паспорт берилбейт.

Мындай жарандар тууралуу маалыматтар миграциялык процесстердин бирдиктүү электрондук базасына киргизилет. Бул чара чет өлкөлөрдүн мыйзамдарын бузуп депортацияланган же өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирген учурларга байланыштуу колдонулат.

Өзгөчө учурларда паспорт берүү чечимин Ички иштер министрлиги кабыл алат.