Өзбекстанда медициналык кызмат көрсөтүүнүн жаңы тартиби киргизилет

Борбор Азия Загрузка... 23 Май 2025 14:39
WhatsApp Image 2025-05-23 at 14.38.37.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын президентинин жарлыгы менен саламаттык сактоо системасын өркүндөтүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган ири реформа башталды, деп билдирет өлкө саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

2025-жылдын 1-июлунан тартып айрым аймактарда, ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып Самарканд облусунун бардык райондорунда жаңы моделди эксперименталдык тартипте ишке ашыруу башталат. Негизги өзгөрүүлөр — медициналык кызматты санариптештирүү, кагаз иштерин кыскартуу, үй-бүлөлүк дарыгерди эркин тандоо мүмкүнчүлүгү жана медициналык мекемелерди кайра уюштуруу болуп саналат.

Үй-бүлөлүк поликлиникалар юридикалык жактан өз алдынча мекемелерге айландырылат, аларда ар түрдүү багыттагы адистер иштешет. Медициналык бригаданын жүктөмү баштапкы этапта 3000 кишиге чейин болот. Ал эми 2030-жылга карата стратегиялык максат — бир бригадага 1700дөн ашпаган адамды бекитүү.

Документте медициналык кызматкерлердин эмгегин стимулдаштыруу каралган. Атап айтканда, борбордук ооруканада иштеген дарыгерлердин айлыгы 20% көбөйөт, орто медперсоналдык — 10%, ал эми көрсөткүчтөрү жогору болгон кызматкерлерге айлык маянасынын 100% чейин сый акы төлөнөт. Ошондой эле алыскы айылдарда көчмө жардам көрсөткөн медиктерге жана нормадан ашык бейтаптар үчүн кошумча төлөм каралган. Башкаруу боюнча атайын окутуудан өткөн жетекчилер да 100% кошумча акы алышат.

Адистердин айтымында, бул реформа заманбап эл аралык тажрыйбага таянып, калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.