Ташкент, 13.05.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2025-жылдын 10-майынан 10-июнуна чейин «Бактылуу үй-бүлөгө карай жолдо» аттуу республикалык бир айлык иш-чара өткөрүлүүдө.
Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин маалыматына ылайык, бул демилгенин максаты — үй-бүлө институтун чыңдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана үлгүлүү үй-бүлөлөрдү колдоо болуп саналат. Бир айлыктын алкагында маданий, агартуу жана спорттук мүнөздөгү ар түрдүү иш-чаралар уюштурулууда.
Быйыл «Ибратли оила» («Үлгүлүү үй-бүлө») төш белгисине 5 500дөн ашуун үй-бүлө талапкер катары көрсөтүлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8,8 эсеге өскөнүн көрсөтөт. Ар тараптуу тандоо иштеринин жыйынтыгында атайын жумушчу топ 2 миңден ашуун үй-бүлөнү сыйлыкка татыктуу деп тапты.
Үзүрлүү эмгеги жана коомдогу үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган үй-бүлөлөргө 15-май күнү «Ибратли оила» төш белгиси жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле алардын жашаган үйлөрүнө атайын эстелик такталар орнотулат.
Бир айлыктын жүрүшүндө «Дени сак үй-бүлө үчүн биргелешели!» деген ураан алдында масштабдуу спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ага 4 миллионго жакын аялдын катышуусу пландалууда.
Ошондой эле 15-май күнү Өзбекстандын бардык шаардык жана райондук маданият жана эс алуу парктарында «ОИЛАФЕСТ» аталышындагы үй-бүлөлүк майрамдар өтөт. Бул иш-чараларга төш белгинин ээси болгон үй-бүлөлөр, ынтымактуу жубайлар жана жаш үй-бүлөлөр катышат.
Эске салсак, бул иш-чаралар Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлө күнү — 15-майга карата өткөрүлүүдө.