Ташкент, 12.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда ажырашуу учурунда тараптардын бири үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса, сотто жарашуу үчүн милдеттүү мөөнөттү алып салуу пландалууда. Бул Олий Мажлис Сенатында күнмурун талкууланган мыйзамда каралды, деп маалымдайт өлкөнүн парламентинин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.
«Негизги сунушталып жаткан жаңылыктардан бири - эгерде тараптардын бири үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса, ажырашуу учурунда сөзсүз түрдө сот тартибинде жарашуу мөөнөтүн алып салуу болуп саналат. Бул жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон никени күч менен сактап калуу учурларын алдын алууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Өзбекстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, ажырашуу жөнүндө арызды кароодо сот жубайлардын жашаган жериндеги жарашуу комиссиясына билдирүү менен алардын жарашуусу үчүн алты айга чейинки мөөнөт белгилей алат.
Жыйында үй-бүлөлүк зомбулук учурларында өз убагында ажырашуулар көп учурда кайгылуу кесепеттерге, анын ичинде өз жанын кыюуга жана аялдардын зордук-зомбулукка дуушар болушуна алып келери белгиленгенди.
Серепчилердин баамында, бул жаңы норма куугунтуктоо жана зордук-зомбулук фактылары байма-бай катталып жаткан чыр-чатактардагы үй-бүлөлөрдө оор кылмыштардын алдын алууга жардам берет. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы аялдардын, өзгөчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин укуктарын коргоодо маанилүү кадам болот.
Эскерте кетсек, былтыр Өзбекстанда 16 миңден ашуун адам үй-бүлөлүк зомбулук боюнча соттолгон.