Өзбекстанда инклюзивдүү туризм өнүгүүдө

Борбор Азия Загрузка... 12 Январь 2026 10:25
12_Uz....2.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.01.26. /Кабар/. Өзбекстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө багытталган "тоскоолдуксуз туризмди" өнүктүрүү иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул демилгенин негизги максаты — туристтик тармактын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө жана ар бир адамдын маданий мураска тең жетүүсүн камсыз кылуу.

Башкы артыкчылыктуу багыттардын бири катары жеткиликтүү транспортту өнүктүрүү белгиленди. Анын алкагында шаарларда коомдук транспорт каражаттары пандустар, кең эшиктер жана багыттоочу белгилер менен жабдылып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коопсуз жана эркин жүрүп-туруу шарттары түзүлүүдө.

Аэропорттордо жана темир жол вокзалдарында лифттер, көмөкчү шаймандар орнотулуп, тейлөөчү кызматкерлердин кесиптик даярдыгы жогорулатылууда. Бул көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын кыйла арттырууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, музейлерде, тарыхый жайларда жана эс алуу аймактарында атайын маршруттар уюштурулуп, ылайыкташтырылган жабдуулар колдонулууда. Аудиогиддер жана ыңгайлуу форматтагы маалымат материалдары киргизилип, мүмкүнчүлүгү чектелген туристтердин өлкөнүн тарыхы жана маданияты менен толук таанышуу мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө.

Инклюзивдүү туризмди өнүктүрүүдө санариптик технологиялар да маанилүү роль ойноодо. Мобилдик тиркемелер жана атайын веб-платформалар аркылуу туристтер жеткиликтүү объекттер, маршруттар жана кызматтар тууралуу алдын ала маалымат алып, сапарларын оңой пландаштырса болот.