Өзбекстанда Европа инвестициялык банкынын аймактык кеңсеси ачылат

Борбор Азия Загрузка... 04 Апрель 2025 09:00
IMG-20250404-WA0014.jpg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.04.25. /Кабар/. Самарканд шаарында Өзбекстанда Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) аймактык кеңсесин ачуу боюнча келишимге кол коюлду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Кол коюу аземи Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен жана Еврокеңештин төрагасы Антонио Костанын катышуусунда өттү.

Ташкентте кеңсенин ачылышы Өзбекстанга жана Борбордук Азияга, атап айтканда, жашыл экономика, инновациялык өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүндө чет элдик инвестициянын көлөмүнүн өсүшүнө салым кошот деп айтылууда.

ЕИБ Борбор Азияда бир катар ири долбоорлорго активдүү катышып келет. Маселен, бул банк эл аралык каржы институттарынын милдеттенмесинин алкагында Транскаспий транспорттук коридорун өнүктүрүү үчүн 1,5 миллиард евро кошумча каржылоону камсыздаган. Мындан тышкары, банк Борбор Азияда жаңылануучу энергия булактарына, экологиялык таза энергетика долбоорлоруна жана транспорттук инфраструктураларды жаңыртууга чоң инвестиция салган.

Жалпысынан ЕИБ региондогу негизги инфраструктуралык жана экологиялык долбоорлорго 10 миллиард еврого жакын каражат бөлгөн.

ЕИБ 1958-жылы негизделген болуп, Европа Биримдигиндеги эң ири каржы институту болуп эсептелет.