Ташкент, 22.04.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев кечээ мамлекетте жалпы билим берүүнү өркүндөтүү жана мугалимдерди заманбап талаптарга ылайык даярдоо боюнча сунушталган жаңы чаралар менен таанышты, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
"Өзбекстан – 2030" стратегиясынын алкагында педагогикалык билим берүү системасын жаңыртуу башталганы белгиленди. Тактап айтканда, Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин негизинде Улуттук педагогикалык университет түзүлөт. Ошондой эле "Келечектин мугалимдери» долбоору ишке ашырылат.
Азыр өлкөдө 76 педагогикалык жогорку окуу жайы иштейт, бирок алардын илимий мүмкүнчүлүгү 40 пайыздан ашпайт. Так жана жаратылыш илимдери боюнча мугалимдер жетишсиз. Студенттердин 40 пайызы сырттан окуу формасында билим алууда.
"Жаңы Өзбекстан" университетинде ондогон чет элдик жана тажрыйбалуу жергиликтүү окутуучулар эмгектенишет. Бул окуу жайда жасалма интеллект, медицина жана инженерия багытындагы адистер даярдалат. Университетте заманбап лабораториялар жана немис тажрыйбасына негизделген клиника ачылат.
2025-жылы 9 миң окуучу эл аралык PISA программасынын алкагында билим деңгээлин текшерүүдөн өтөт. Ашыкча жүктөм менен иштеп жаткан мектептердин көйгөйүн чечүү максатында быйыл 112 миң жаңы окуучу орду түзүлөт. Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкынын 200 млн долларлык колдоосу менен 58 заманбап мектеп куруу пландалууда.
Ошондой эле балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо, тарбиялык мазмундагы улуттук контентти көбөйтүү жана балдар үчүн коопсуз маалымат чөйрөсүн түзүү боюнча да өзгөчө тапшырмалар берилди.