Өзбекстанда балдар онкологиясы боюнча улуттук стратегия бекитилди

Борбор Азия Загрузка... 19 Май 2025 09:37
WhatsApp Image 2025-05-19 at 08.43.49.jpeg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.05.2025. /Кабар/. Өзбекстанда 2025-2030-жылдарга карата балдардын онкологиялык ооруларына каршы күрөшүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Стратегиянын алкагында педиатриялык онкологияны өнүктүрүү, ооруну эрте аныктоо, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү каралган. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу, медициналык мекемелердин инфратүзүмүн жаңылоо жана кызматтарды санариптештирүү көздөлүүдө.

Стратегияны ишке ашырууга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ), ЮНИСЕФ жана башка эл аралык уюмдар өнөктөш катары тартылат.

Документке ылайык, 2030-жылга чейин балдар арасындагы онкологиялык оорулардан аман калуу көрсөткүчүн 60 пайызга жеткирүү жана бул оорудан болгон өлүмдү 2,5 эсеге кыскартуу пландалууда.