Ташкент, 24.11.25. /Кабар/. Ташкент облусунун Бөкө районуна караштуу Човлисай кыштагында улуу кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган маданий иш-чара болуп өттү, деп жеринен кабарчыбыз билдирет.
Иш-чаранын ачылышында Алыкул Осмонов атындагы эл аралык фонддун директору Бек Осмонов сөз сүйлөп, акындын кыргыз адабиятындагы орду жана мурасы тууралуу айтып өттү.
«Алыкул Осмонов болгону он беш жыл чыгармачылык менен алектенгенине карабастан, кыргыз поэзиясынын классиктеринин катарына кошулган. Анын ырлары, поэмалары жана драмалык чыгармалары улуттук адабияттын алтын фондуна кирет. 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзу акындын ысымындагы сыйлыкты негиздеген. Бүгүн Кыргыз улуттук университетинде Алыкул таануу борбору иштеп жатат», — деди ал.
Иш-чарада белгилүү манас таануучу, Ч.Айтматов академиясынын академиги, окумуштуу жана котормочу, Өзбекстан – Кыргызстан достук коомунун төрагасы Зухриддин Исамутдинов да сөз алып, Алыкулдун чыгармалары өзбек окурмандарына жакшы таанылганын баса белгиледи.
«Акындын 100 жылдыгына карата 2015-жылы анын жетимишке жакын ыры жана бир дастаны арсланбабдык акын Курбон Саттор тарабынан өзбек тилине которулуп, «Көл толкуну» деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Ошондой эле акын каза болгондон кийин жубайы Зейнеп Сооронбаева Ташкентте жашап, 1950–1960-жылдары «Зайнаб» деген адабий ылакап менен бир катар кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине которгон», — деди ал.
Иш-чарада Кыргызстанда эмгек сиңирген маданият ишмери Мундуз Тентимишев, атактуу акын Нурлан Калыбеков, белгилүү айтматов таануучу, Ч.Айтматов академиясынын академиги, Өзбекстан Улуттук университетинин профессору Ахмаджон Мелибоев Алыкулдун өмүр жолу, дүйнө поэзиясына кошкон салымы жана чыгармаларынын тарбиялык мааниси боюнча баяндамаларды жасашты.
Салтанаттын жүрүшүндө Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган юбилейлик төш белгиси Ахмаджон Мелибоевге, Зухриддин Исамутдиновго жана Човлсайдагы №34 орто мектептин директору Амангелди Ахмедовго тапшырылды.
Иш-чаранын концерттик бөлүгүндө №34 жана №35 кыргыз орто мектептеринин окуучулары тарабынан даярдалган программа көрсөтүлүп, Алыкулдун ырларынан жана Манас эпосунан үзүндүлөр айтылды. Ошондой эле кыргыз, өзбек жана башка элдердин бийлери тартууланып, майрамдык маанай жаратты.