Ташкент, 19.06.25. /Кабар/. Өзбекстанда алгачкы ирет мамлекеттик медицина мекемеси заманбап робот-хирургиялык жабдуу менен камсыздалды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Роботтоштурулган хирургиялык система Ташкент шаарындагы Республикалык урология борборуна орнотулду. Ал түштүк кореялык Meere компаниясы иштеп чыккан REVO-I аттуу хирургиялык комплексти камтыйт.
Бул технологиянын жардамы менен жогорку тактыкты талап кылган оор операциялар аз кан жоготуу жана минималдуу травма менен жүргүзүлөт. Ошондой эле бейтаптардын тез калыбына келишине шарт түзөт. Айрыкча жамбаш жана заара чыгаруучу органдардагы сезимтал операциялар үчүн пайдалуу экени белгиленди.
Серепчилердин баамында, бул окуя Өзбекстандын мамлекеттик саламаттык сактоо системасында роботтештирилген хирургия доорунун башталышы катары бааланууда.