Ташкент, 22.04.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-июнунан тартып Өзбекстанда чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте туруктуу жашоо укугун берүүчү жаңы программа — "алтын виза" ишке кирет. Бул тууралуу Өзбекстандын Адилет министрлиги президенттин жарлыгына таянып билдирди.
Программанын шарттарына ылайык, беш жылдык жашоо укугуна (вид на жительство) ээ болуу үчүн талапкер 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү төлөмдү жүргүзүшү керек. Үй-бүлө мүчөлөрү үчүн — жубай, балдар же ата-энелер — кошумча 100 миң доллардан төлөнөт.
Жашоо укугу (вид на жительство) — бул чет элдик жаранга же жарандыгы жок адамга белгилүү бир өлкөнүн аймагында узак мөөнөт жашоого расмий уруксат берген документ болуп саналат.
Серепчилердин баамында, "алтын визанын" киргизилиши Өзбекстанга чет элдик инвесторлорду жана жогорку квалификациялуу адистерди тартууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Бул өз кезегинде өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизери шексиз.