Ташкент, 12.01.26. /Кабар/. Өзбекстан Women, Peace and Security дүйнөлүк индексинде 0,674 балл топтоп, 98-орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык изилдөөнүн жыйынтыгында маалымдалды.
Анда айтылгандай, индекс 13 статистикалык көрсөткүчтүн негизинде түзүлүп, аялдардын коомдук жана саясий жашоого катышуусу, сот адилеттигине жетүү жана жеке коопсуздуктун деңгээли сыяктуу үч негизги багытты камтыйт.
Отчётто Өзбекстандын оң көрсөткүчтөрү катары мобилдик байланыштын кеңири жайылышы жана аялдардын орточо билим алуу мөөнөтүнүн 11,8 жылга жетиши белгиленген. Ошондой эле парламенттеги аялдардын үлүшү болжол менен 34 пайызды түзүп, бул Борбор Азия аймагындагы салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтөрдүн бири катары бааланган.
Муну менен катар айрым көрсөткүчтөр төмөн бойдон калууда. Тактап айтканда, аялдардын болжол менен 11 пайызы жолдошу тарабынан зомбулукка кабылат. Каржы кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгү 40 пайыздан ашпайт. Адилет сотко жетүү деңгээли 1,8 балл деп бааланган.
Индекс өлкөлөрдү жана аймактарды бирдиктүү ыкма аркылуу салыштырууга мүмкүндүк берет. Анда Өзбекстан Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен бир региондук топто каралып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды аныктоого шарт түзөт.
Доклад Georgetown Institute for Women, Peace and Security жана Peace Research Institute Oslo тарабынан Норвегия өкмөтүнүн колдоосу менен даярдалган.