Ташкент, 12.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан Transparency International уюмунун 2024-жылдагы Коррупцияны кабылдоо индексинде 180 өлкөнүн ичинен 121- орунду ээледи.
100 баллдык индекс боюнча (мында 0 - коррупциянын өтө жогорку деңгээли жана 100 - өтө төмөн деңгээл), Өзбекстан 32 упай (бир жыл мурун 33 балл) алган.
Ангола, Эквадор, Кения, Шри-Ланка жана Тогонун упайлары бирдей. Бул Өзбекстандын рейтиңгинин 2012-жылдан бери биринчи жолу төмөндөшү, анда өлкө 17 упайга ээ болгон.
Былтыркы индексте Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча орточо балл (100дөн 35) эң төмөнкү көрсөткүч боюнча калууда.
"Ар кайсы өлкөлөрдө демократиялык институттардын жана мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздыгы туруксуздуктун жана тышкы басымдын күчөшүнөн улам күчөюүүдө. Бул коррупциянын гүлдөшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт, коомчулуктун ишенимине шек келтирет, туруктуу өнүгүүгө жана чөйрөнүн өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө тоскоолдук жаратат", — деп айтылат Transparency International уюмунун аймактык баяндамасында.
Борбор Азиядан Казакстан 40, Кыргызстан 25, Тажикстан 19 жана Түркмөнстан 17 упайга ээ болушту.
Жетинчи жыл катары менен Дания эң жогорку 90 упай менен рейтингдин башында турат. Андан кийин Финляндия (88 упай) жана Сингапур (84) ээледи.
Индекстин соңунан Венесуэла (10 упай), Сомали (9) жана Түштүк Судан (8) орун алышты.