Ташкент, 25.04.25. /Кабар/. Өзбекстан Швейцариядан дагы 95 млн АКШ долларын кайтарды. Бул каражаттар өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовадан конфискацияланган. Бул тууралуу Өзбекстандын экономика жана каржы министринин орун басары Отабек Фозилкаримов маалымат жыйында билдирди.
Жалпысынан Швейцариядан кайтарылуучу сумма 131 млн долларды түзүп, анын 87 миллиону саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу социалдык тармактарга багытталды.
Бул каражаттардын эсебинен перинаталдык борборлорго заманбап медициналык жабдуулар сатып алынып, 11 миңден ашуун медицина кызматкери атайын даярдыктан өткөрүлдү. Ошондой эле мектептерди санариптештирүү жана санитардык шарттарды жакшыртуу иштери каржыланды.
Учурда Өзбекстан Бельгия менен дагы 108 млн долларды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мунун алдында Өзбекстан менен Швейцария БУУнун алдындагы Uzbekistan Vision 2030 көп тараптуу трасттык фондунун алкагында 182 миллион долларды кайтаруу боюнча макулдашкан.
Ошентип, кайтарылып жаткан же жакын арада кайтарылуучу каражаттардын жалпы суммасы 313 млн долларга жетти.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Каримованын чет өлкөлөрдөгү активдерин кайтаруу боюнча иштер уланууда. Жалпы кайтарылууга тийиш болгон сумма 1,3 млрд доллардан ашат.
Эске салсак, Гүлнара Каримова акча опузалоо, салык төлөөдөн баш тартуу жана уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө айыпталып, учурда абакта жазасын өтөп жатат.