Касымалиев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Министрлер кабинети
6ad9ad0b1af47-thumb.jpg
6ad9ad0b74f75-thumb.jpg
6ad9ad0b754db-thumb.jpg
6ad9ad0b2042c-thumb.jpg
6ad9ad0bab8d4-thumb.jpg
6ad9ad0bafd3f-thumb.jpg
6ad9ad0beb90c-thumb.jpg
6ad9ad0bf0a19-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6ad9ad0b1af47-thumb.jpg
6ad9ad0b74f75-thumb.jpg
6ad9ad0b754db-thumb.jpg
6ad9ad0b2042c-thumb.jpg
6ad9ad0bab8d4-thumb.jpg
6ad9ad0bafd3f-thumb.jpg
6ad9ad0beb90c-thumb.jpg
6ad9ad0bf0a19-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин жана өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцария Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Адылбек Касымалиев эки мамлекеттин башчыларынын өз ара сапарларын уюштурууну жана инвестициялык багытты чыңдоого басым жасоону сунуштады.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү ролун белгиледи. Швейцария Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж өз кезегинде меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал экономика, энергетика, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга басым жасоо менен эки тараптуу макулдашууларды жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Маалымат үчүн: Ошондой эле "La Landwehr de Fribourg" үйлөмө аспаптар оркестринин жетекчиси болгон Пьер-Андре Паж  бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн музыкалык жамаат менен Бишкек шаарына келген.