Өзбекстан менен Словения товар жүгүртүүнү 500 млн еврого жеткирүүнү көздөөдө

Борбор Азия Загрузка... 23 Май 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.35.43.jpeg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.05.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Словения өз ара товар жүгүртүүнү алгачкы этапта 500 миллион еврого чейин көбөйтүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу президенттер Шавкат Мирзиёев жана Наташа Пирц Мусардын Любляна шаарында өткөн сүйлөшүүсүндө белгиленди, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Жолугушууда саясий диалогду бекемдөө, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Акыркы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүү үч эсеге өскөнү белгиленди. Соода көлөмүн арттыруу үчүн номенклатураны кеңейтүү жана импортту алмаштыруу макулдашылды.

Өзбекстан текстиль, мөмө-жемиш, жер семирткич жана жез буюмдарын экспорттоону, Словения дары-дармек, заманбап технология жана жабдууларды жеткирүүнү сунуштоодо.

Өнөр жай кооперациясы, фармацевтика, энергетика жана билим берүү тармактарында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Эмгек миграциясы жаатында окутуу жана адаптация программалары каралууда.

2026-жылы Ташкентте жаштардын инновациялык форуму өтөт. Словенияда Өзбекстандын маданият күндөрү жана кино жумалыгы уюштурулат.

Тараптар бардык багыттагы кызматташтыкты илгерилетүү үчүн быйыл июль айында Любляна шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүүнү макулдашышты.