Өзбекстан менен Словакия стратегиялык өнөктөштүк орнотту

Борбор Азия Загрузка... 10 Июнь 2025 10:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10-июнь 2025-жыл /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо кечээ "Куксарой" резиденциясында жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Тараптар өз ара сооданы кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Өзбекстандан текстиль, айыл чарба продукциялары, электротехникалык жабдуулар, химиялык заттар жана полимерлер, ал эми Словакиядан авто тетиктер, дары-дармектер жана башка өнөр жай товарлары жеткириле баштайт. Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы кызматташтык алкагында техникалык тоскоолдуктарды жоюу жана квант эталону лабораториясын ачуу пландалууда.

Словак компаниялары менен өнөр жай кооперациясы, “жашыл” энергетика, агрардык сектор, туризм жана фармацевтика тармактарында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Ошондой эле IT-стартаптарды колдоо үчүн венчурдук фонд түзүү сунушталды.

Билим берүү, маданият жана илим жаатында кызматташууну тереңдетүү макулдашылды. Коменский атындагы Братислава университети менен биргелешкен илимий программалар башталат. Маданият тармагында көргөзмөлөрдү, концерттерди, кинопоказдарды жана музей иштери боюнча иш-чараларды камтыган өз ара программа кабыл алынат.

Ошондой эле уюшкан эмгек миграциясы маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта системалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биргелешкен декларация кабыл алынып, дипломатия, айыл чарба, энергетика, стандартташтыруу, миграция, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууга багытталган бир катар келишимдерге кол коюлду.