Өзбекстан менен Россия миграция маселесинде кызматташууну өркүндөтөт — Кабар

Өзбекстан менен Россия миграция маселесинде кызматташууну өркүндөтөт

Дүйнө 3 октябрь 2025 12:00
NHR_03_2.JPG
NHR_03_1.JPG
NHR_03_0.JPG
NHR_03_.JPG
NHR_03.JPG
Алдыга
Артка
NHR_03_2.JPG
NHR_03_1.JPG
NHR_03_0.JPG
NHR_03_.JPG
NHR_03.JPG
Алдыга
Артка

Ташкент, 03.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борборунда миграция маселелерине арналган өзбек-орус тегерек столу өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – КМШ өлкөлөрүндө миграциялык саясатты өркүндөтүү, бирдиктүү эмгек рыногун түзүү жана кызматташтыкты чыңдоо болду.

Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борборунун директору Акмал Саидов демилгенин аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, миграция адам укуктарын коргоо, экономикалык туруктуулук жана социалдык интеграция менен түздөн-түз байланышта экенин айтты.

Россия президентинин кеңешчиси Валерий Фадеев миграция тармагында көйгөйлөр көп экенин белгилеп, аларды жашырбай, биргеликте чечүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал сунуштарды камтыган жыйынтык документ даярдалып, эки өлкөнүн парламенттери менен аткаруу бийлигине жөнөтүлүшү керектигин билдирди.

Жыйынтыгында катышуучулар миграциялык саясатты үзгүлтүксүз өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, КМШда бирдиктүү эмгек рыногун түзүү юридикалык же экономикалык гана эмес, миллиондогон адамдардын татыктуу жашоосун камсыздоого багытталган гуманитардык долбоор экенин белгилешти.

Иш-чараны Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борбору Миграция агенттиги жана Тышкы иштер министрлиги Россия президентинин алдындагы Жарандык коомду өнүктүрүү кеңеши жана «Петербург диалогу» форуму менен биргеликте уюштурду.