Ташкент, 04.04.25. /Кабар/. Бельгия Өзбекстанга Гүлнара Каримованын иши боюнча алынган 200 млн доллардан 108 млн доллар өткөрүп берет, деп билдирет өзбек жалпы маалымат каражаты.
Өзбекстан коррупция жана мыйзамсыз акчаларды легалдаштыруу боюнча териштирүү жүргүзүп жаткандыктан улам, өлкө эл аралык укук жардамын алуу үчүн Бельгияга расмий сураныч жөнөткөн.
Үстүбүздөгү жылы 28-мартта Брюсселдин прокуратурасы 108 млн долларды Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул чечим Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы конвенциясына негизделген эл аралык келишимдин алкагында чыгарылды.
Эскерте кетсек, мурда Өзбекстан Г. Каримованын иши боюнча Швейцария менен 182 млн долларды кайтаруу боюнча келишим түзгөн. Бул каражат Өзбекстанда социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган болуп, БУУнун алдындагы Uzbekistan Vision 2030 фонду аркылуу өткөрүлөт.
Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстандан мыйзамсыз алынган жана чет өлкөлөргө Гүлнара Каримова менен анын кылмыштуу шериктери тарабынан чыгарылган активдердин жалпы баасы 1,3 млрд долларды түзөт.