Ташкент, 21.05.25. /Кабар/. Өзбекстан Россия, Казакстан жана Азербайжан жарандары үчүн өлкө аймагына ички жеке күбөлүк (ID-карта) менен кыска мөөнөттүү кирүүгө уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү көздөп жатат. Ал эми жашы жете элек балдар үчүн – аталган "киндер-паспорт" менен кирүүгө уруксат берилиши күтүлүүдө. Мындай документ менен өлкөдө 30 күнгө чейин жүрүүгө болот.
Бул тууралуу 15-майда кабыл алынган, туристтик агымды кескин көбөйтүүгө багытталган чаралар жөнүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгында айтылган. Ага ылайык, Өзбекстандын Ички иштер министрлигине үч айдын ичинде аталган өлкөлөр менен чек арадан өтүүнүн жаңы тартибин макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тапшырылды.
Эске салсак, Өзбекстан мындай ID-карта аркылуу кирүү механизмин алгач Кыргызстан менен ишке ашырган. Тиешелүү келишим 2023-жылы жетишилген.