Өзбекстан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө ИӨБдөн 40 млн доллар грант алат

Борбор Азия Загрузка... 16 Апрель 2025 09:42
e_16.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги менен Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) 40 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык келишимге кол коюшту.

Документ Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Human Capability Initiative 2025 эл аралык форумунун алкагында түзүлдү, деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.

Бул грант Глобалдык билим берүү өнөктөштүгү (Global Partnership for Education, GPE) аркылуу берилет жана өлкөдө мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында төмөнкүлөр пландалууда:

  • инклюзивдүү шарттарды камсыздаган 58 заманбап мектептин курулушу;
  • республика боюнча 2431 жаңы окуу классынын ачылышы;
  • окутууну компетенттүүлүккө негиздеп, жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу;
  • мугалимдерди даярдоо жана кайра окутуу системасын жакшыртуу;
  • окуучулардын жетишкендиктерин жана мектептердин ишин баалоо ыкмаларын өркүндөтүү;
  • бардык балдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн инклюзивдүү билим берүү моделдерин киргизүү.

Долбоордун максаты — 2026-жылга чейин бардык окуучуларды сапаттуу, инклюзивдүү жана натыйжалуу билим берүү системасы менен камсыз кылуу.

Эскерте кетсек, Human Capability Initiative 2025 форумунда билим берүү, технология жана экономика тармактарындагы актуалдуу маселелер жана инновациялык чечимдер талкууланууда.