Ташкент, 24.02.25. /Кабар/. Өзбекстан Афганистан менен чек арасында эркин экономикалык аймакты (ЭЭА) түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Ходжаев Афганистан Ислам Эмирлигинин Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри молдо Абдул Гани Барадар жетектеген талиптер делегациясы менен сүйлөшүү учурунда билдирди, деп маалымдайт Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги (УзА).
Ж.Ходжаев белгилегендей, жаңы ЭЭАда карагай жана пахтаны кайра иштетүүчү ишканалар, ошондой эле тамак-аш өндүрүү, таңгактоо жана логистикалык борборлор жайгашат.
«Мындан тышкары, жакынкы аралыкта Афганистандын Фарьяб провинциясындагы Тути-Майдан кенинде газ өндүрүүнү баштоо пландалууда», - деп белгиледи Өзбекстандын вице-премьер-министри.
Өзбекстандык инвесторлордун Афганистандын Саманган провинциясында цемент заводунун курулушуна, ошондой эле пайдалуу кендерди чалгындоого жана казып алууга инвестиция салууга даяр экендиктери айтылды.
Серепчилердин баамында, Афганистан менен чек арада ЭЭАнын түзүлүшү эки өлкөнүн экономикалык алакасын жакшыртууга жана Борбор Азиядагы сооданы өнүктүрүүгө да салым кошо алат.
Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстандын Экономика жана коммерциялык министрлиги Өзбекстандын түштүгүндөгү “Термез” эл аралык соода борборунда соода павильонун алганын жарыялап, бул Кыргызстанга Афганистандан жана башка коңшу мамлекеттерден бизнес өнөктөштөр менен түздөн-түз байланышууга мүмкүнчүлүк түзөрү кабарланган.