Өзбекстан Адамдык өнүгүү индексинде 107-орунду ээледи

Борбор Азия 15 май 2025 09:58
Өзбекстан Адамдык өнүгүү индексинде 107-орунду ээледи

Ташкент, 15.05.25. /Кабар/. Өзбекстан БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жарыялаган Адамдык өнүгүү индексинде 193 өлкөнүн ичинен 107-орунду ээледи.

Өлкөнүн көрсөткүчү — 0,740, бул жогорку деңгээлдеги өнүгүүгө туура келет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку орунду Казакстан ээледи — 60-орун (өте жогорку деңгээл). Түркмөнстан менен Кыргызстан тийиштүүлүгүнө жараша 95 жана 117-орундарды алышты. Тажикстан 128-орун менен орточо деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарында калды.

Индекстин лидери — Исландия. Алдыңкы бешти Норвегия, Швейцария, Дания жана Германия толуктайт.