Өзбекстан 2026-жылга чейин 3 миңге жакын чакан ГЭС курууну пландап жатат

Борбор Азия Загрузка... 09 Апрель 2025 10:45
photo_08_9.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.04.25. / Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев 2025-2026-жылдары өлкөдө 2 983 микрогидроэлектростанция (чакан ГЭС) курулушу тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Lex.uz басмасы жазып чыкты.

Жаңы станциялардын жалпы кубаттуулугу 164 МВт болуп, жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү 500 миллион кВт/с чейин жетет. Программанын ишке ашырылышы кошумча 280 миң адамды электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Курулуш учурунда 1 200 жумушчу убактылуу иш менен камсыздалат, ал эми долбоор ишке киргенден кийин 520 туруктуу жумуш орду түзүлөт. Чакан ГЭСтер өлкө боюнча дээрлик 3 миң жерде курулат. Алардын бир бөлүгү азыркы сугат (ирригациялык) системаларынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен ишке ашырылат. Ар бир станцияны жеке ишкерлер курат — аларга даяр, типтүү долбоорлор сунушталат. Курулуш үчүн зарыл болгон жер тилкелери электрондук аукцион аркылуу 20 жылга ижарага берилет. Ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аны узартууга мүмкүнчүлүк болот.

МикроГЭСтердин эң көп саны Анжиян облусунда курулат — 763 станция. Сурхандарыя облусунда 300, Кашкадарыя облусунда 269 чакан ГЭСтин курулушу пландалууда. Мындан тышкары, Ташкент шаарында да 12 чакан гидростанцияны куруу каралган.

Программанын каржыланышына Дүйнөлүк банк тарабынан 150 млн доллар насыя бөлүнөт.

Адистердин айтымында, жаңы станциялардын ишке кириши экологиялык абалга да оң таасир тийгизет. Чакан ГЭСтердин жаратылыш газына болгон муктаждыкты азайтканы аркылуу жыл сайын 151 млн куб метр газ үнөмдөлөт. Бул болсо атмосферага бөлүнүүчү көмүр кычкыл газынын көлөмүн 251 миң тоннага кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.