Ташкент, 03.04.25. /Кабар/. 2027-жылдан тартып Өзбекстанда артисттер кирешелерин декларациялап, салык төлөөгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу өкмөттүн Салык кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мубин Мирзаев басма сөз жыйынында айтты.
Учурдагы тартип боюнча артисттер жыл сайын 1-апрелге чейин өздөрүнүн жылдык кирешелерин декларациялап, ошого жараша жеке адамдын кирешеси боюнча салык төлөшөт. Бирок Мирзаевдин айтымында, көптөгөн артисттер бул тартипти сактабай, кирешелеринин бардыгын толук декларациялашпайт, ошого байланыштуу салыкты толук төлөбөй жатышат.
Салык комитети көмүскө экономиканын алдын алуу боюнча жобону иштеп жатат, анын негизинде юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде артисттер дагы жылдык кирешелерин декларациялап, салык төлөөгө милдеттүү болушат.
2025-2026-жылдар аралыгында Салык комитети артисттерди салык төлөөнү баш тартуу боюнча жоопкерчиликке тартпайт, аларга декларацияларын оңдоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Расмий маалымат боюнча, учурда 175 артист жеке ишкер катары катталган, алардан 35 адам 1-апрелге чейин кирешеси боюнча декларация тапшырышкан.