Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрү менен бирге профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине барды.
Билим берүү мекемесин кыдыруу учурунда министр педагогикалык жамаат менен жолугушууга катышты. Ал жаңы ноутбуктар жана интерактивдүү доскалар менен иш алып баруу кандай жүрүп жатканына кызыкты. Мугалимдер заманбап технологиялардын киргизилиши окуу процессин кыйла жеңилдетип, иштин натыйжалуулугун жогорулатканын белгилешти.
Кендирбаева министрлик өлкөнүн бардык мектептеринде ушундай эле шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, келечекте заманбап билим берүү процессин уюштуруу үчүн ар бир класс интерактивдүү доска менен жабдылып, ал эми ар бир мугалим жеке ноутбук менен камсыз болушу керек.
Ошондой эле министр окуу кабинеттерин кыдырып, 9-11-класстардын окуучулары менен баарлашты. Ал мектеп окуучуларынан Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн жаңы билим берүү платформаларын кандай колдонуп жаткандыгы тууралуу сурап, аларга сынактарда ийгилик каалады жана окуусун жогорку окуу жайларында улантууга чакырды.
"Сапаттуу билим алуу жана кесипке ээ болуу абдан маанилүү. Бирок бир нерсе окшошпой калса, чөгүүгө болбойт, өз максатыңа карай алдыга жылууну улантуу керек", - деп белгиледи ал.
Министрдин айтымында, Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи өлкөнүн эң мыкты мектептеринин бири болуп саналат.