Заманбап тарбиячы: Агартуу министрлиги "Балалык" онлайн-курстарын тааныштырды

Билим 29 Январь 2026 12:34
1.jpg
622658447_1340002974840110_7931231653417209956_n.jpg
623192286_1340002844840123_3345854455594429741_n.jpg
624686931_1340002834840124_1845221951558778679_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
622658447_1340002974840110_7931231653417209956_n.jpg
623192286_1340002844840123_3345854455594429741_n.jpg
624686931_1340002834840124_1845221951558778679_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Күн мурун Агартуу министрлигинде балдар бакчаларын өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйында мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарттарына ылайык иштелип чыккан аралыктан окутуу жана "Балалык" онлайн-курстарынын долбоорлору тааныштырылды.

Программанын өзгөчөлүгү тарбиячылардын негизги компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталып, анын ичинде STEM-билим берүү, дифференцияланган окутуу жана "Балалык" программасы боюнча методикалык сунуштар камтылганы айтылды.

Маалым болгондой, иштелип чыккан курс мындан ары эксперттер менен талкууланып, педагогдорду аралыктан окутуу үчүн Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна өткөрүлөт.