Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Өлкөбүздө паспорт чыгарууну канча убакыттан бери кыялданып келгенбиз, эми кыялыбыздын ишке ашкандыгына өз көзүбүз менен күбө болдук. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Учкун” акционердик коомунда журналисттерге билдирди.
Анын айтмында, буга чейин паспорттордун туура эмес шрифттер менен басылып чыгуусу, жасалма паспортторду колдонуу көйгөй жаратып келген.
“Паспортубуздун буга чейин башка өлкөдөн чыгуусуна байланыштуу канча ызы-чуу болду. Жеке мен 2010-2011-жылдары паспорт маселеси боюнча көп иштегендиктен билем, өз паспортубуздун өз өлкөбүздөн чыгуусун биз чындыгында ойлонуп, кыялданып жүргөн элек. Мына бүгүн ошол кыялыбыздын ишке ашкандыгына өз көзүбүз менен күбө болдук. “Учкундун” жалпы жамаатына чоң ыраазычылык билдиребиз”,- деди Маматалиев.
Белгилей кетсек, 2023-жылы “Учкун” акционердик коомуна Германиядан паспорт чыгаруучу жабдуу сатылып алып, 2024-жылдын май айынан декабрь айынын аягына чейин жалпы 770 миң 103 даана паспорт даярдалып, учурда иш уланууда.