Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында ЮНЕСКОнун Париж шаарындагы штаб-квартирасында "Чыңгыз Айтматов жана ЮНЕСКО: Дүйнөнү бириктирген жалпы мурас" аттуу эл аралык конференция өтөт.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, конференция Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасы фонду, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте уюштурулууда.
Конференциянын негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын универсалдуу маанисине эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу, анын маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө кошкон салымын баса белгилөө, ошондой эле жазуучунун идеяларынын ЮНЕСКОнун баалуулуктары менен актуалдуулугун көрсөтүү болуп саналат.
Алдыдагы конференциянын программасына ЮНЕСКОго мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчыларынын, туруктуу өкүлдөрүнүн, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин, таанымал маданият ишмерлеринин жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда тематикалык талкуулар, презентациялар жана баяндамалар камтылган.
Бул Эл аралык конференция Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүдө маанилүү окуя болуп, анын дүйнөлүк маданий мураска кошкон салымын дагы бир жолу баса белгилейт. Ал мурас дүйнөдөгү элдерди жана өлкөлөрдү бириктирген руханий жана маданий көпүрө болуп эсептелет.