ЮНЕСКО нейротехнологияларды колдонуунун этикалык нормаларын бекитти — Кабар

ЮНЕСКО нейротехнологияларды колдонуунун этикалык нормаларын бекитти

Дүйнө 11 ноябрь 2025 14:14
P_11_0.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 11.11.25. /Кабар/. ЮНЕСКО ага мүчө мамлекеттердин нейротехнологияларды колдонуудагы этикалык нормаларды жөнгө салуучу алгачкы эл аралык документти бекитти. Бул тууралуу UzA агенттиги билдирди.

Жаңы стандарт нейротехнологияларды коопсуз жана этикалык негизде пайдаланууну камсыздоого, адамдын жүрүм-турумуна таасир этүүчү же көз карандылык жараткан жабдууларды көзөмөлдөөгө багытталган. Ошондой эле мындай технологияларды медициналык эмес максаттарда, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөргө карата колдонууга тыюу салынат.

«Технологиялык өнүгүү адамдын кадыр-баркын урматтаган этикалык принциптер менен гана баалуу болот», — деп белгиледи ЮНЕСКОнун башкы директору Одре Азуле.

ЮНЕСКОнун демилгеси 2019-жылы башталып, жаңы документ 2025-жылдын 12-ноябрынан тарта күчүнө кирет.