Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңеши башкы директорлук кызматка Египеттин мурдагы туризм министри Халед Аль-Ананинин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланган маалыматта айтылат.
ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттер эми 6-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган башкы конференцияда бул талапкерге добуш беришет. Эгер Аль-Анани шайланса, ноябрдын орто ченинде Одрэ Азуледен кийин башкы директорлук кызматка киришет.
Египтолог жана саясатчы Аль-Анани 1971-жылы 14-мартта Гизада туулган. Ал 2014-2016-жылдары Египет цивилизациясынын улуттук музейин, 2015-2016-жылдары Каирдеги Египет музейин жетектеген. 2016-2022-жылдары Египеттин байыркы эстеликтер министри, андан соң туризм жана байыркы эстеликтер министри болуп иштеген.
Аль-Анани бир нече эл аралык илимий коомдордун мүчөсү. 2024-жылы ноябрда ал Дүйнөлүк туризм уюмунун маданий туризм боюнча атайын элчиси болуп дайындалып, кийинчерээк Африканын бүткүл дүйнөлүк мурастар фондунун камкорчусу болгон. Ал бир нече эл аралык сыйлыктардын ээси. Араб, француз жана англис тилдеринде сүйлөйт.