Ысыктан сактануу: ден соолук үчүн маанилүү эрежелер

Ден соолук Загрузка... 15 Июнь 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-06-15 at 10.46.16 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Абанын температурасы +39 градустан ашкан аптаптуу ысык бардык адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, ысык өтүп кетүү коркунучун жогорулатат. Өзгөчө жашы улгайган адамдар, жаш балдар, өнөкөт оорусу барлар жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар жогорку тобокелдик тобуна кирет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун айлана-чөйрө медицинасы, адам экологиясы жана тамактануу борборунун врач-эпидемиологу Гүлназ Толенова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ысык аба ырайында адамдын организми стресске дуушар болуп, иммунитети төмөндөйт. Натыйжада алсыроо, баш оору, ошондой эле өнөкөт жана аллергиялык оорулардын козголушу мүмкүн. Мындан тышкары, кан басым жогорулап же төмөндөп кетиши ыктымал.

“Кыргызстанда аба ырайы мезгил-мезгили менен кескин өзгөрүп турат. Мындай шартта ысык аба ырайын организм стресс катары кабыл алат. Ошондуктан ден соолукту сактоо үчүн алдын алуу чараларын көрүү маанилүү”, — деди адис.

Дарыгер аптаптуу ысыкта төмөнкү эрежелерди сактоону белгиледи:

— күнүнө кеминде 2–3 литр суу ичүү;

— газдалган жана өтө таттуу суусундуктардан баш тартуу;

— эртең мененки саат 11:00дөн кечки 17:00гө чейин мүмкүн болушунча сыртка чыкпай, салкын жерде болуу;

— баш кийим кийүү;

— пахтадан тигилген жеңил жана бош кийимдерди тандоо.

Белгилей кетсек, аптаптуу ысык — бул абанын температурасы кадимки нормадан кескин жогорулап, кургак жана өтө ысык аба ырайы өкүм сүргөн шарт болуп саналат. Мындай күндөрү адам организми үчүн коркунуч жогорулап, ысык өтүп кетүү учурлары көбөйөт.