Ысык-Көлдүн деңгээли тарыхта ондогон метрге чейин өзгөрүп турган – сейсмолог

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-04-22 at 09.48.54.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек. 22.04.26 /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Ысык-Көлдүн деңгээли тарыхтын ар кайсы мезгилдеринде олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп келгенин билдирди. Окумуштуу бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында, Google Earth программасынан алынган маалыматтарга таянып жазган.

Анын айтымында, көлдүн түштүк жээгинде, Ак-Сай дарыясы көлгө куйган аймакта байкалган издер байыркы убакта суунун деңгээли бир топ жогору болгонун көрсөтөт.

“Жашыл менен белгиленген эң байыркы деңгээл - 1650 метр бийиктикте болгон. Бул мезгил болжол менен 37-40 миң жыл мурун, Ысык-Көлдүн суусу азыркыга караганда бир топ жогору турган учурга туура келет. Кийинчерээк, кызыл менен белгиленген деңгээл 1623 метр бийиктикте болуп, VIII кылымдарда азыркыга караганда жогору турганын көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн деңгээли 1608 метрди түзөт. Андыктан, тарыхтын ар кандай мезгилдеринде көлдүн деңгээли бирде 15 метр, бирде 42 метрге чейин жогору болуп келген”,-деп жазды сейсмолог.