Ысык-Көлгө Анталиянын Кепез муниципалитетинин делегациясы келди

Коом Загрузка... 20 Июнь 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. 17-июндан 22-июнга чейин Түркиянын Анталия шаарынын Кепез муниципалитетинин мэр Месут Кожагөз башында турган расмий делегациясы Кыргызстанга келди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш сапар Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен уюштурулду. Делегациянын курамында вице-мэр жана жергиликтүү кеңештин депутаттары бар.

Түркиядан келген делегацияны Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов да коштоп жүрөт.

Иш сапар жанданган муниципалитеттер аралык кызматташуунун жана Балыкчы жана Кепез шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелерин түзүү процессинин алкагындагы эки тараптуу кадам болуп саналат.

18-июнда Балыкчы шаарынын мэриясы менен Кепез муниципалитетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Документ туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо, экология, инфраструктура, айыл чарба жана ишкердик тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумдун максаты – муниципалитеттер аралык туруктуу кызматташууга бекем негиз түзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.

Иш сапардын алкагында түрк делегациясы аймактын туристтик, экономикалык жана инвестициялык потенциалы менен таанышты. 

Балыкчы шаарынын мэри, муниципалдык ишканалардын жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү.

Делегация ошондой эле шаардын негизги объектилерин жана туризм инфраструктурасын, анын ичинде тарыхый-маданий музейди, Чыңгыз Айтматовдун маданий борборун, ипподромду, күн электр станциясын жана өндүрүш объектилерин кыдырды. Өзгөчө көңүл суу менен камсыздоо жана жашылдандыруу жаатындагы кызматташтыктын келечегине бурулду.