Төлөмдөрдөн социалдык колдоого чейин: пенсия системасындагы өзгөрүүлөр

Коом 1 октябрь 2026 18:30
Төлөмдөрдөн социалдык колдоого чейин: пенсия системасындагы өзгөрүүлөр
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бүгүн — Карылардын эл аралык күнү. Кыргызстанда 825 миңден ашуун пенсионер бар. Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен акыркы жылдары улгайган жарандардын пенсиялык камсыздоосун жакшыртуу жана аларга социалдык колдоо көрсөтүү багытында бир катар иштер жүргүзүлдү. Анын натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү пенсионерлердин жашоо минимумунан ашты, ал эми төлөмдөрдү жогорулатуу жана пенсия дайындоо кызматтарын санариптештирүү иштери уланууда.

Минималдуу пенсия жашоо минимумунан ашты

Президент Садыр Жапаров апрель айында Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп жатып, өлкөнүн пенсиялык системасында акыркы жылдары ырааттуу өсүш болуп жатканын белгиледи.

“Эгер 2021-жылы пенсионерлердин 49 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алып келген болсо, бүгүнкү күндө алардын 95 пайызы жашоо минимумунан жогору пенсия алышат”, — деп билдирген мамлекет башчысы.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2010-жылы орточо пенсия 2 980 сом болсо, 2020-жылы 5 770 сомго жеткен. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 11 238 сомду түзгөн. Атап айтканда, акыркы 5 жылда орточо пенсия 5 468 сомго өскөн.

Ага ылайык, 2022-жылы орточо 33%га, 2023-жылы камсыздандыруу бөлүгү 38%га өскөн. 2024-жылы камсыздандыруу бөлүгү 18%га жогорулатылып, минималдуу пенсия 6 900 сомго жеткен. 2025-жылы дагы 10%га көтөрүлүп, эң төмөнкү пенсия 7 500 сом болгон.

Ошондой эле бүгүндөн тарта пенсия дагы да көбөйдү. Эң аз пенсия 8800 болот. Камсыздандыруу бөлүгүн 20%га жогорулады, бирок көбөйтүлгөн сумма 10 000 сомдон ашпайт.

Пенсиянын жалпы өлчөмү болжол менен эки эсеге өстү

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева “Кабар” агенттигине билдиргендей, акыркы жылдардагы эң маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири — минималдуу пенсияны пенсионердин жашоо минимумуна жеткирүү болду.

“Буга чейин дайыма “минималдуу пенсия канча?” деген суроо коюлуп келген. Анткени жаран канча камсыздандыруу төгүмдөрүн төксө, кандай стажы болсо, ошого жараша пенсияга чыгат. Кээ бирөө бир жыл, кээ бирөө үч жыл иштейт. Бирок пенсия курагына келгенде өтө аз пенсия менен чыгып калган учурлар болгон. Ошондуктан өлкө жетекчилиигине “өтө эле аз, кантип жашаса болот?” деген сындар айтылып келген”, — деди ал.

Орун басардын айтымында, минималдуу пенсия үч-төрт жыл мурда пенсионердин жашоо минимумуна жеткирилген.

“Бул эң чоң жетишкендиктердин бири болду. Андан бери пенсионерлердин жашоо деңгээлин жылдан-жылга көтөрүп келе жатабыз. Мамлекет өзүнүн кепилдиктерин берүүгө жетти.

Акыркы жылдары пенсиянын жалпы өлчөмү болжол менен эки эсеге өстү. Эгер жыл сайын 5, 7 же 10 пайыздан көтөрүп келсек, акыркы төрт-беш жылда камсыздандыруу бөлүгү 38, 18 пайызга, быйыл 20 пайызга жогорулатылды. Бул пенсиянын негизги деңгээлинин өсүшүнө өтө чоң шарт түздү”, — деди Жуматаева.

Пенсия дайындоо кызматтары санариптешүүдө

Социалдык фонддо пенсия дайындоо боюнча кызматтарды санариптештирүү да жүргүзүлүүдө.

Гүлнур Жуматаеванын айтымында, мурда жарандар маалымкаттарды чогултуп, кагаз иштерин бүтүрүп, арыз жазуу үчүн мекемелерге кайрылса, эми бул процесстердин бир бөлүгүн аралыктан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

“Азыр арыз жазуунун деле кереги жок болуп калат. Болгону “Түндүк” аркылуу каттоодон өтүп, кайсы банк аркылуу пенсия алгысы келсе, ошону тандап, бизге жөнөтүп койсо, пенсияны аралыктан эле дайындап беребиз. Социалдык фондго келип убара болуунун зарылдыгы жок”, — деди ал.

Анын белгилешинче, бул өзгөрүүлөр Социалдык фонддун кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү менен катар жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртууга багытталган.

“Биринчи кезекте жарандар үйүндө отуруп, кызматты аралыктан ала алсын деген максатта алардын ыңгайын ойлодук. Мындан тышкары, коррупциянын алдын алуу, кээ бир учурларда жарандарга орой мамиле жасалышы сыяктуу көрүнүштөрдү азайтуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн бул иштер жүргүзүлүүдө”, — деп белгиледи орун басар.

Карыларга кам көрүү кеңейтилет

Гүлнур Жуматаеванын айтымында, мындан ары улуу муундагы жарандарга колдоо көрсөтүү пенсия төлөө менен гана чектелбейт.

Социалдык фонд пенсионерлердин ден соолугун чыңдоого, бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана коом менен баарлашуусуна шарт түзүү боюнча иштерди пландап жатат.

“Азыр улгайган адамдардын ден соолугун чыңдоого багытталган ар кандай иш-чараларды уюштурууну көздөп жатабыз. Алардын катарында дене тарбия көнүгүүлөрү, физикалык машыгууларга байланышкан иш-чаралар бар. Бүгүнкү күндө, атап айтканда октябрь айында аларга кытай гимнастикасынын тайчи түрү боюнча акысыз машыгууларды уюштурулууда. Бул саамалыкты жазында да улантууна пландап жатабыз ”, — деди ал.

Анын айтымында, андан сырткары, улгайган адамдар бош убактысын пайдалуу өткөрө турган, бири-бири менен баарлаша турган, көнүгүү жасап, шахмат ойноп же ырдап-бийлей турган жайларды түзүү каралууда.

“Адам жаш өткөн сайын сүйлөшүүгө, баарлашуу керек болуп, атап айтканда адамга адам керек болуп калат. Ошондуктан улуу муундагы жарандарыбыздын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү, баарлашуусу, көнүгүү жасап, ден соолугун чыңдоосу үчүн шарт түзүү боюнча жергиликтүү бийликтер менен иш алып барып жатабыз”, — деп кошумчалады Гүлнур Жуматаева.

Пенсионерлер ыраазычылык билдиришүүдө

Пенсиянын өсүшү улгайган жарандардын күнүмдүк жашоосуна да оң таасирин тийгизбей койгон жок. Муну алар өздөрү да белгилеп, пенсиянын көбөйүп жатканына ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Ак-Босого конушунун тургуну, пенсионер Жумаш Нусубалиева да мамлекеттен алган каражаты жыл сайын көбөйүп жатканына ыраазы экенин айтты.

Анын айтымында, эмгек жолунда экономист, бухгалтер, башкы бухгалтер жана мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан.

“Башында пенсиябыз аз болчу. Кийин улам көбөйүп отуруп, азыр жетиштүү деңгээлге жетти. Октябрда дагы көтөрүлөт деп жатабыз. Буга терең ыраазычылык билдиребиз. Бизге мындан артык эмне керек?”, — деди ал.

Пенсионер өлкөдө тынчтык болуп, элдин жашоо-шарты мындан ары да жакшырышын каалады.

“Мындан ары дагы жеңиштерге, өсүп-өнүгүүгө жетели. Өлкө жетекчилигинин, президенттин жүргүзүп жаткан иштеринин натыйжасында ушундай жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Жолдор салынып, мектептер, ооруканалар курулуп, мекемелер жаңыланууда. Экономикабыз да өнүгүп жатат. Ушул жетишкендиктердин баары кут болсун. Буга тоодой шүгүр кылалы”, — деди Жумаш Нусубалиева.

Ушундай эле пикирди Бишкек шаарынын тургуну, пенсионер Жаныш Акылбеков да билдирди. Анын айтымында, акыркы үч-төрт жылдан бери пенсиясы улам жогорулап, учурда күнүмдүк жашоосуна жетип жатат.

Ал буга чейин ички иштер органдарында эмгектенип, кийин пенсияга чыкканын айтты.

“Башында аз сумма менен пенсияга чыккам. Акыркы үч-төрт жылдан бери улам көбөйүп, азыр жакшы эле болуп калды. Жашообузга жетип жатат. Пенсиялар жылдан жылга көтөрүлүп, мурункуга салыштырмалуу азыр жакшы. Элдин маанайы да көтөрүлүп калды. Азыркы жашообузга ыраазыбыз”, — деди ал.